Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги "Келечектүү технологияларды жана иштеп чыгууларды тандоо тартиби жөнүндө" буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документ Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Бул программа президенттин жарлыгы менен бекитилген.
Долбоор инновациялык долбоорлорду тандоо жана колдоо үчүн, ошондой эле министрликтин алдындагы инновациялык борбордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу үчүн нормативдик негиз түзүүгө багытталган.
Долбоорго ылайык, келечектүү технологиялар жана иштеп чыгуулар конкурстук негизде тандалат. Түшкөн арыздар эксперттик баалоодон өтөт. Анда адистер төмөнкү көрсөткүчтөрдү талдашат:
- долбоордун технологиялык даярдык деңгээли
- инновациялуулугу
- практикалык колдонуу мүмкүнчүлүгү
- масштабдоо потенциалы
- күтүлгөн социалдык-экономикалык таасири
Иштеп чыгууларды баалоо үчүн илим, технология, ишкердик жана инновациялар тармагындагы адистерден турган эксперттик комиссия түзүлөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы тартипти киргизүү:
- илимий-техникалык жана коммерциялык потенциалы жогору долбоорлорду аныктоого
- прототиптерди иштеп чыгуу процессин өнүктүрүүгө
- илимий иштеп чыгууларды экономикага тезирээк киргизүүгө жардам берет.
Ошондой эле:
- илимий уюмдардын жана жогорку окуу жайларынын патенттик ишмердүүлүгүн активдештирүү,
- жеке инвестицияларды тартуу,
- технологиялык ишкердикти өнүктүрүү пландалууда.
Конкурстук тандоодон өткөн долбоорлорду каржылоо үчүн министрликтин республикалык бюджетинде 2 млн сомго чейин каражат каралган.