Инвестициялар агенттиги Дүйнөлүк банк менен МЖӨ долбоорлорун талкуулады
Кечээ Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Дүйнөлүк банктын миссиясы менен жолугушту. Делегацияны инфраструктураны каржылоо боюнча улук адис Адити Райна жетектеди. Жолугушууга Дүйнөлүк банктын консультанты Эркин Асрандиев да катышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.
Жолугушууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартибижана бюджеттик колдоону баалоо методологиясынын долбоорлору талкууланды. Бул документтер жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатып, улуттук долбоорлорго сапаттуу жеке инвестицияларды тартууга багытталган.
Ошондой эле Мээримбек Койчуманов мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн техникалык семинардын жыйынтыктары менен тааныштырды. Семинарда фискалдык көзөмөл механизмдери жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруудагы институционалдык жоопкерчилик маселелери каралган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Улуттук агенттик, МЖӨ борбору жана Дүйнөлүк банктын тобунун ортосундагы кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.