"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн
"Кепилдик фонду" ААК түзүлгөндөн бери ишкер айымдарга жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашкан насыя алууга көмөктөшкөнүн фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева билдирди.
Маалыматка ылайык, фонд тарабынан берилген жалпы кепилдиктердин 38%ы (4 885) аялдардын бизнесине багытталган.
"Ишкер айымдар алган насыялардын жалпы суммасы 12 млрд сомду түзүп, бул фонддун жалпы кредиттөө көлөмүнүн 33%ын түзөт. Аялдар үчүн берилген кепилдиктердин суммасы 3,9 млрд сомго жетти. Ошондой эле фонд тарабынан өткөрүлгөн 575 семинарга 4 800дөн ашык ишкер катышса, алардын 35%ын аялдар түзгөн", - деди ал.
Рейна Курманкожоева белгилегендей, 2020-жылдан тарта фонд кепилдиктердин кеминде 30%ын аялдар башкарган чакан жана орто бизнеске багыттоо чечимин кабыл алган. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында ишкер айымдарга 938 млн сомдук 2 810 кепилдик берилген.
"Бул көрсөткүчтөр аялдардын каржылык сабаттуулугу жогору экенин жана алар кризис учурунда да туруктуулукту көрсөтөрүн далилдейт", — деди ал.
Учурда "Кепилдик фонду" Бишкектеги гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкер айымдарга бизнес-пландарды иштеп чыгууга жана консультация берүүгө көмөктөшүүнү улантууда.