Кыргызстан 5 жылда 202,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясын экспорттогон
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин коллегиясында агроөнөр жай тармагындагы экспорттук операциялардын динамикасы талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министрликтин эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестициялар башкармалыгынын башчысы Жоомарт Сапарбаевдин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 1 трлн 382 млрд сомду (15,8 млрд АКШ доллары) түзүп, анын 18%ы экспортко туура келген.
Ошондой эле айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын тышкы соода жүгүртүүсү 186,1 млрд сомду, ал эми агроөнөр жай продукциясынын экспорту 33 млрд сомду түзүп, жалпы экспорттун 13,3%ын камсыздаган. Анын ичинде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 24,1 млрд сомду, өсүмдүк өстүрүү тармагы 7 млрд сомду, ал эми мал чарбасы 1,86 млрд сомду түзгөн.
Коллегияда белгиленгендей, экспорттун өсүшү жаңы кайра иштетүүчү ишканалардын ишке кириши, өндүрүштөрдүн модернизацияланышы жана мамлекеттик колдоо чаралары менен байланыштуу.
Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын негизги рыногу Россия Федерациясы бойдон калууда. Ошондой эле Казакстан жана Өзбекстанга ташып жеткирүүлөр туруктуу жолго коюлган.
Акыркы беш жылда Кыргызстан 80ден ашык өлкөгө 60тан ашуун товардык позиция боюнча 202,6 млрд сомдук продукция экспорттогон. Мындан тышкары Кытай менен фитосанитардык жана ветеринардык кызматташтык жанданып, 17 протоколго кол коюлган. Анын алкагында гилас, коон, жүзүм, фасоль, жүгөрү жана кургатылган жемиштерди экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Министрлик алдыдагы негизги багыттар катары экспорттун географиясын кеңейтүү, экспорттоочу ишканалардын реестрин көбөйтүү жана жаңы протоколдорго кол коюуну белгиледи.