“Элкарт” улуттук төлөм системасы эл аралык рынокто өнөктөштүгүн кеңейтүүдө

“Элкарт” улуттук төлөм системасы эл аралык рынокто өнөктөштүгүн кеңейтүүдө

“Элкарт” улуттук төлөм системасынын төрагасы Алтымыш Туратбеков Куала-Лумпурда өткөн MoMents 2026 эл аралык форумуна катышууда. Иш-чара Ant International тарабынан уюштурулуп, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук төлөм системасын дүйнөлүк рынокко илгерилетүүгө багытталган.

"Элкарт" УТСнын маалымат казымтанан кабарлагандай, форумдун алкагында бир катар жолугушуулар өтүп, негизги көңүл өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө бурулду.

Маанилүү жыйынтыктардын бири — Alipay+ платформасы менен интеграция ийгиликтүү аяктаганы болду. Учурда система тесттик режимде иштеп, алгачкы транзакциялар жүргүзүлдү. Долбоор жакын арада колдонуучуларга сунушталат.

Ошондой эле UnionPay International компаниясы менен биргелешкен карталык долбоор талкууланып, Пакистан жана Бангладеш компаниялары менен акча которууларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

MoMents форуму дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн банктарды жана финтех-компанияларды бириктирип, тажрыйба алмашуу жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media
Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң

Ишкер Media
Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8

Ишкер Media
Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media