Таластагы мектепке 150 орундуу кошумча корпус курулду

Таластагы мектепке 150 орундуу кошумча корпус курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А.Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы кошумча корпус курулду. Бул туууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо иштери турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттен каржыланды. Объекттин жалпы наркы 57 миллион сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Анда заманбап окуу класстары, химия жана биология сабактары үчүн лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек класстары жана жыйындар залы каралган.Учурда эмеректерди жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорду ишке ашыруу аймактагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жанаYouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

Ички иштер министрлиги эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте чет өлкөдө жарандарды мыйзамсыз жумушка орноштурган учурлар үчүн айып пулдарды көбөйтүү жана чет элдик эмгек күчүн мыйзамсыз тартууга карата жаза чараларын катаалдаштыруу каралган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

19-июнда Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйынын өткөрдү. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, жыйында Э.Толтоев алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бардык кызматтарга белгиленген иш-чаралар планын өз

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында аймактарда көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча региондук башкармалыгынын тескөөчүлөрү,

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Демилгеге ылайык, май куюучу станцияларда жана аларга чектеш аймактарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Сунуштун максаты