Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат
24-февралда Ош шаарында, ал эми 2-мартта Бишкек шаарында швейцариялык "Аракет" долбоорунун алкагында бизнес-идеялар сынагынын финалдык этаптары өттү.
Сынактын негизги максаты — Бишкек жана Ош шаарларындагы тандалган жаңы конуштарда жашаган аялдарды колдоо жана алардын ишкердик демилгелерин ишке ашыруу аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Тандоонун жыйынтыгында:
- Бишкекте 11 аял,
- Ошто 5 аял жеңүүчү болуп аныкталды. Алар бизнес баштоо же кеңейтүү үчүн гранттык колдоо алышат.
Ар бир жеңүүчүгө ишин баштоо же өнүктүрүү үчүн керектүү жабдуулар берилет. Бир катышуучуга берилген гранттын көлөмү 200 миң сомдон 350 миң сомго чейин.
Жеңүүчүлөрдүн долбоорлору ар түрдүү тармактарды камтыйт:
- сулуулук салондору
- балдар үчүн билим берүү борборлору
- кулинардык жана кондитердик цехтер
- тигүү устаканалары
- эс алуу жана тиричилик кызмат көрсөтүү борборлору
- фитнес-залдар
- конструктордук студиялар
Ошентип, долбоордун учурдагы этабында жалпы 5 млн сомго чейин каражатка 16 бизнес демилге колдоого алынат.
"Аракет" швейцариялык долбоору Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Кыргызстанда GFA Consulting Group консалтинг компаниясы тарабынан жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоор Бишкек жана Ош шаарларындагы 11 жаңы конушта жүргүзүлүп жатат.