Сот аткаруучулары карызкордон 2,4 млн сом өндүрүштү

Сот аткаруучулары карызкордон  2,4 млн сом өндүрүштү

Бишкек шаарынын сот аткаруучулар кызматынын Бишкек шаарындагы Свердлов райондук бөлүмүндө К.Н. аттуу карызкорго карата салык карызын өндүрүү боюнча аткаруу өндүрүшү болгон.

Маалыматка ылайык, карыз Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын пайдасына өндүрүлүшү керек болчу.

Кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, мажбурлап аткаруу чараларынын жыйынтыгында карыз толугу менен өндүрүлдү.

Жалпы 2 444 968,84 сом өлчөмүндөгү каражат толук өндүрүлүп, Свердлов району боюнча салык башкармалыгынын эсебине которулду.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекиткен тиешелүү чечимге кол койду. Документ Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыздоого багытталган. Ошондой эле ал маалыматтардын негизинде санариптик сервистерди түзүүгө

Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды

Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясында 2026-жылы өткөрүлө турган айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү маселелерине арналган комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлө турган айыл чарба каттоосунун негизги календардык планынын алкагында аткарылуучу иштер талкууланды. Кеңешменин жүрүшүндө каттоону сапаттуу өткөрүү максатында тиешелүү персоналды — координаторлорду, инструктор-контролерлорду

Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт

Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги "Келечектүү технологияларды жана иштеп чыгууларды тандоо тартиби жөнүндө" буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Бул программа президенттин жарлыгы менен бекитилген. Долбоор инновациялык долбоорлорду тандоо жана колдоо үчүн, ошондой эле министрликтин

Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет

Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет

Тамчылатып сугаруу системасын орнотууну көздөгөн дыйкандарга 2% менен 500 млн сом насыя берилерин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош шаарында өтүп жаткан "Агроэкспо-2026" көргөзмөсүндө билдирди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы шартында заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле