Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет
Тамчылатып сугаруу системасын орнотууну көздөгөн дыйкандарга 2% менен 500 млн сом насыя берилерин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош шаарында өтүп жаткан "Агроэкспо-2026" көргөзмөсүндө билдирди.
Ведомстводон маалымдашкандай, ал климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы шартында заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле министр бул жылы айыл чарба техникаларын жаңылоо иштери да күчөтүлөрүн белгилеп, планда төмөнкүдөй иштер каралганын айтты:
- Лизинг аркылуу 1200 даана жаңы айыл чарба техникасын сатып алуу;
- Региондордо жаңы машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү;
- Үрөнчүлүк жана көчөт чарбаларын колдоону кеңейтүү.
Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков продукцияны жөн эле сатпастан, аны кайра иштетип, кошумча нарк кошуу мамлекеттик саясаттын өзөгү экенин билдирди.
"Айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү – фермерлердин кирешесин көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзөт жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет", – деди министр.
Эске салсак, "Агро Экспо-2026" көргөзмөсү фермерлер менен ишкерлердин тажрыйба алмашуусуна жана жаңы өнөктөштөрдү табууга багытталган ири аянтча болуп саналат.