АКШ Индияга россиялык мунайды убактылуу алууга уруксат берди

АКШ Индияга россиялык мунайды убактылуу алууга уруксат берди

АКШ Индияга россиялык мунайды сатып алууга убактылуу уруксат берди, бирок бул чара 30 күнгө гана жарактуу экенин өлкөнүн Финансы министрлиги билдирди.

Министрликтин башчысы Скотт Бессент билдиргендей, АКШнын Финансы министрлиги дүйнөлүк рынокко мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн ушундай чечим кабыл алган.

Анын айтымында, уруксат деңиздеги танкерлерде жүргөн мунайга гана тиешелүү. Ошондуктан бул кыска мөөнөттүү чара Россия өкмөтүнө чоң финансылык пайда алып келбейт.

Бессент ошондой эле Индияны АКШ үчүн маанилүү өнөктөш деп атады жана Нью-Дели келечекте америкалык мунайды көбүрөөк сатып алат деген үмүтүн билдирди.

Мындан тышкары, бул убактылуу чечим Ирандын дүйнөлүк энергетика рыногуна басым жасоо аракетинен пайда болгон чыңалууну азайтууга жардам берет деп айтылды.

Чечим АКШнын Финансы министрлигине караштуу Office of Foreign Assets Control (OFAC) тарабынан кабыл алынып, ведомствонун расмий сайтына жарыяланды.

Буга чейин Дональд Трамп Индия АКШ менен соода келишиминин ордуна Россиядан мунай сатып алууну токтотууга макул болгонун билдирген. Бирок индиялык бийлик бул маалыматты тастыктаган эмес.

Адистердин айтымында, бул чечим Ормуз кысыгы жабылып калгандан кийин мунай жеткирүүдө пайда болгон коркунуч жана мүмкүн болгон тартыштыкка байланыштуу кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай 1110 миллиардери менен кайрадан дүйнөдөгү эң бай өлкө болду

Кытай 1110 миллиардери менен кайрадан дүйнөдөгү эң бай өлкө болду

Кытай кайрадан дүйнөдөгү миллиардерлери көп өлкө болгонун South China Morning Post басылмасына таянып, Kazinform билдирди. Hurun Global Rich List рейтингине ылайык, Кытайда миллиардерлердин саны 1110 адамга жетти. Бул дүйнө боюнча катталган 4020 миллиардердин эң чоң үлүшү болуп саналат. Бир жыл ичинде өлкөдө алардын саны 287 адамга көбөйгөн. Адистер мунун негизги

Мамлекеттик салык кызматы маркетплейстер аркылуу соода жүргүзүү ыкмасын сыноодон өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы маркетплейстер аркылуу соода жүргүзүү ыкмасын сыноодон өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы селлерлер жана маркетплейстердин өкүлдөрү менен биргеликте электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын пайдалануу менен товарларды тесттик жөнөтүүнү ишке ашырды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиргендей, сыноонун жыйынтыгында товарларды КРнын аймагынан Казакстандын аймагы аркылуу РФна ийгиликтүү алып чыгуу камсыздалды. Бул форманы киргизүү бизнес жүргүзүү үчүн

Кыргызстанда 90 студентке Президенттик стипендия берилди

Кыргызстанда 90 студентке Президенттик стипендия берилди

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерине ар кандай мүмкүнчүлүктөр жана колдоо чаралары каралганын "Биринчи радио" эфиринде Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин(ИЖБИМ) башкы адиси Айзат Маматкеримова билдирди. Анын айтымында, республикада жалпысынан 85тен ашык жогорку окуу жайы иштейт, анын ичинде 30 мамлекеттик мекеме бар. Мурда мамлекет

1-июлдан тарта 3 жашка чейинки ар бир бала ай сайын 1200 сом жөлөк пул алат

1-июлдан тарта 3 жашка чейинки ар бир бала ай сайын 1200 сом жөлөк пул алат

Президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдар үчүн “Бала ырысы” аттуу жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Маалыматка ылайык, жөлөк пул ушул жылдын 1-июлунан тартып, үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, 3 жашка чейинки ар бир балага 1200 сом өлчөмүндө берилет. Мамлекет башчысы бул чечим жарандардын