"Асман шаар" долбоорун Кытайда таанытуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

"Асман шаар" долбоорун Кытайда таанытуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга Nanjing Huayuan Cultural Technology Development Co., Ltd. компаниясынын башкы директору, ошондой эле Tianshan Investment жана Silk Road Construction компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар Кыргызстандын инвестициялык потенциалын илгерилетүү жана эки тараптуу инвестициялык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде "Асман шаар" долбоорун жана башка инвестициялык долбоорлорду Кытай Эл Республикасынын аянтчаларында таанытуу үчүн презентациялык сессияларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан тышкары, Кытайдан потенциалдуу инвесторлорду тартуу жана биргелешкен инвестициялык иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестицияларды тартуу жаатындагы кызматташууну улантуу жана өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгүн кароону макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого тыюу салынды

Министрлер Кабинети көмүрдү Кыргызстандын аймагынан автоунаа транспорту аркылуу сыртка чыгарууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, чечимге ылайык, чектөө өлкөнүн бардык автомобиль өткөрүү пункттарында күчүндө болот. Бирок “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү бекеттери аркылуу көмүр экспорттоого уруксат берилет. Ошондой эле жаңы тартип мамлекеттик “Кыргызкөмүр” ишканасына

Бостериде жаратылышты булгаган жарандар жоопкерчиликке тартылды

Бостериде жаратылышты булгаган жарандар жоопкерчиликке тартылды

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз саркынды сууларды агызуу жана таштанды жайгаштыруу эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери туристтик милиция менен биргеликте Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагында рейд жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым жеке эс алуучу

Мурдагы депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Мурдагы депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу анын агасы кармалганын ырастады. Тиешелүү кызматтар Дүйшөн Төрөкулов эмненин негизинде кармалганы боюнча расмий тастыкташа элек. Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Бир Бол” саясий партиясынан депутат болгон. Аны 2021-жылы январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кылмыш-жаза

Президент Баткендеги селдин кесепетин жоюу боюнча тапшырма берди

Президент Баткендеги селдин кесепетин жоюу боюнча тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров 19-22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепеттеринен толук кабардар. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка таянсак, Мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды