Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт
Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал.
Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир нече жума же ай талап кылынат. Себеби Ирандын соккуларынан кийин Рас-Лаффан шаарындагы өндүрүш объектилери жабыркаган.
Ал белгилегендей, газ жеткирүүнүн кыскарышынан эң көп Европа жабыркайт. Анткени Европа газ үчүн Азия өлкөлөрү менен атаандашууга мажбур болот. Ошондой эле Перс булуңундагы мамлекеттер учурдагы келишимдик милдеттенмелерин толук аткара албай калышы мүмкүн.
Саад аль-Кааби жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялабаган компаниялар да ушундай чечим кабыл аларын айтты. Эгерде алар муну жасабаса, келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн мыйзамдуу айып төлөөгө туура келет.
Министрдин божомолу боюнча, эгер Ормуз кысыгы жабык бойдон калса, эки-үч жуманын ичинде нефть баасы баррелине 150 долларга чейин өсүшү мүмкүн. Ал эми газдын баасы Ирандагы согуш башталганга чейинки деңгээлге салыштырмалуу төрт эсеге чейин кымбатташы ыктымал.
Буга чейин Тегеран Ормуз кысыгын жапканы кабарланган. Ислам революциясынын сакчылар корпусу кысык аркылуу өтүүгө аракет кылган бардык кемелерге сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткен.
Маалыматка ылайык, Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк нефть ташууларынын 20%га жакыны жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн чыккан суюлтулган жаратылыш газынын 30%ына чейин өтөт. Бул маршрут аркылуу Ирак, Сауд Арабиясы, Кувейт, Бахрейн, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарыдан чыккан энергия ресурстары Азия базарларына жеткирилет.
Адистердин айтымында, бул “энергетикалык коридордун” жабылышы дүйнөлүк рынокто нефть жана газ баасынын кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн.