Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды
Баткен облусунун Айдаркен шаарында бажы транзитинин эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда бажы кызматкерлери Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Билдирүүгө караганда, унаада Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына транзит менен жеткирилүүгө тийиш болгон жалпы салмагы 791 кг жаңы мөмө-жемиш болгон. Текшерүүдө айдоочу бажы пломбасын бузбастан, жүктү белгиленген жерге жеткиргенге чейин Кыргызстандын аймагына түшүргөнү аныкталган.
Мөмө-жемиштер кайра унаага жүктөлүп, убактылуу сактоо үчүн "Баткен" бажысынын аймагына жеткирилди. Учурда тиешелүү документтер түзүлүп, окуянын чоо-жайы такталууда.