Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?
2025-жылы Кыргызстанга 19 004,4 тонна жаңы жана кургатылган финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манго импорттолгонун (ТН ВЭД коду 0804) Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн.
Импорттун жалпы суммасы 11,7 млн долларды түзгөн.
Жеткирүүлөрдүн көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 3,8%га көбөйгөн.
Эң көп продукция төмөнкү өлкөлөрдөн алып келинген:
- Кытай — 16 343,4 тонна
- Иран — 2 085,8 тонна
Калган 575,2 тонна продукция дагы 11 өлкөдөн импорттолгон. Алардын ичинде:
- Иордания
- Египет
- Израиль
- Тунис сыяктуу мамлекеттер бар.