Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган
Ош шаарындагы төрт муниципалдык ишкана Финансы министрлигине күрөөгө коюлганын түштүк борбордун мэриясынын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков билдирди.
Анын айтымында, күрөөгө коюлган мүлктөрдүн тизмесине төмөнкү ишканалар кирген:
- шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты;
- Ош муниципалдык автотранспорт ишканасы;
- Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасы;
- Ош автовокзалы муниципалдык ишканасы.
"Өткөн жылы Финансы министрлигинен алынган 2 миллиард сомдон ашык каражат жолдорду оңдоого жана социалдык объектилерди курууга багытталган", — деди Жылдызбек Болотбеков.
Бул арада түштүк борбордун мэриясынын карызы тууралуу маселе социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат, анда ар кандай суммалар айтылууда.
Ош шаарынын азыркы мэри Жанар Акаев так сумма Эсеп палатасы жүргүзгөн аудиттен кийин гана белгилүү болорун билдирди.
Ал эми мурдагы мэр Женишбек Токторбаев "негизсиз карыздар" тууралуу билдирүүлөрдү жалган деп атады. Анын маалыматы боюнча, аткарылган иштер үчүн подрядчылар алдындагы жалпы карыз 2,3 миллиард сомду түзөт.