Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфраструктуралык иштеринин 50%ы бүттү
"Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Ош унаа жолун станциянын курулушу менен байланыштырган жолдун болжол менен 90%ы, 126 метр узундуктагы транспорттук туннелди казуу толук аяктады. Бул курулуш техникаларын жеткирүүнү камсыздайт.
Ошондой эле учурда курулуш аянтчасын электр энергиясы менен камсыздоого арналган 110 кВ электр берүү линиясын жана көмөк чордонду куруу иштери уланууда.



№2 тилкеден ГЭСке чейинки жолдун болжол менен 85%ы, көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн негизги бетон иштери бүткөрүлүп, үстүңкү конструкцияларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Жалпысынан курулуш болжол менен 40-50%га бүттү.
Мындан тышкары, куруучулар жана инженерлер үчүн 100 кишилик вахталык лагердин болжол менен 60%ы бүткөрүлдү.
Белгилей кетсек, бул стратегиялык "Кылым долбоору" 1 860 МВт кубаттуулугу менен өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана экономикалык туруктуулугун камсыз кылуучу Борбор Азиядагы эң ири объектке айланат.