YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан
YouTube өткөн жылы жарнамадан түшкөн киреше боюнча Голливуддун ири медиа-компанияларын артта калтырды. 2025-жылы платформа жарнамадан 40,4 млрд доллардан ашык киреше тапканын Moffett Nathanson компаниясынын маалыматына таянып TechCrunch жазган.
Салыштыруу үчүн айтсак, Disney, NBCUniversal, Paramount жана Warner Bros. Discovery компанияларынын жарнамадан түшкөн жалпы кирешеси 37,8 млрд долларды түзгөн.
Бул өзгөрүү негизинен акыркы бир жыл ичинде болгон.
2024-жылы:
- YouTube жарнамадан 36,1 млрд доллар тапкан;
- жогорудагы төрт медиа-гигант 41,8 млрд доллар киреше алган.
Эксперттер муну контент керектөөнүн өзгөрүшүнүн айкын белгиси деп эсептешет.
Голливуд студияларыында кино жана сериал өндүрүүгө миллиарддаган доллар салынганы менен студиялар бир катар көйгөйлөргө туш болгон:
- салттуу телевидениенин аудиториясы азайып жатат;
- контент өндүрүүгө кеткен чыгымдар өсүүдө;
- санарип платформалар тарабынан атаандаштык күчөп жатат.
Ал тургай өздөрүнүн стриминг платформаларына ири инвестиция салуу да студияларга YouTube’дун өсүү темпине жетүүгө жардам бере элек.
YouTube’дун жалпы кирешеси
YouTube’дун башкы компаниясы Alphabet 2025-жылы платформанын жалпы кирешеси 60 млрд долларга жеткенин билдирген. Бул кирешенин чоң бөлүгү жазылуулардан түшөт. Аларга төмөнкү кызматтар кирет:
- YouTube TV
- YouTube Premium
- YouTube Music
- NFL Sunday Ticket
Салыштыруу үчүн, ошол эле мезгилде Netflix компаниясынын жылдык кирешеси 45,2 млрд доллар болгон. Ал эми Disney компаниясынын медиа бөлүмү жазылууларды кошкондо өткөн жылы 60,9 млрд доллар жалпы киреше тапкан.
Жакшы көрсөткүчтөргө карабастан, YouTube жарнамадан түшкөн киреше боюнча дагы эле ири технологиялык компаниялардан артта калууда. Мисалы, Meta компаниясы 2025-жылы жарнамадан 196,2 млрд доллар тапкан.
Бирок эксперттердин айтымында, бул жагдай өзгөрүшү мүмкүн. Себеби жарнама берүүчүлөрдүн YouTube’га болгон кызыгуусу өсүүдө. Мунун негизги себептеринин бири — платформанын аудиториясы, айрыкча жаш колдонуучулар убактысынын көбүн дал ушул жерде өткөрө баштаганы.
2025-жылдын IV кварталында гана YouTube’дун жарнамадан түшкөн кирешеси 11,4 млрд долларга жеткен.