"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди
Кыргызстандагы көмүр өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 30%ын камсыз кылган "Кыргызкөмүр" мекемеси 2025-жылы 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошондой эле кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9 млн 700 миң куб метрди түзүп, пландан 20%дан ашык ашыгы менен аткарылган.

2025-жылы ишкана беш жаңы көмүр кенин ачып, алардын жалпы баланстык корлору(запастары) 133 млн тоннадан ашты. Учурда көмүр казуу иштери сегиз участокто тогуз лицензиянын негизинде жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын финансылык жыйынтыктары боюнча ишкана 511 млн сомдон ашык таза пайда көрдү. Ички рынокту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ЖЭБине 587 миң тонна көмүр жеткирилген. Учурда ишкана өндүргөн көмүрдүн 40%дан ашыгы борбор калаанын жылуулук-энергетикалык муктаждыктарына багытталууда.


Мындан тышкары, техникалык базаны жаңылоо иштери улантылып, жыл ичинде 46 даана тиешелүү техника сатылып алынды. Кара-Кече кен жайында эки мобилдик сорттоочу комплекс ишке киргизилди.
2025-жылы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулуп, "Кыргызкөмүр" ачык акционердик коомуна айландырылды. Ошол эле учурда акциялардын 100%ы мамлекеттин менчигинде сакталды.
Жыл жыйынтыгы боюнча ишкана 511 млн сомдон ашык таза пайда тапты.
2026-жылы ишкана көмүр өндүрүшүн көбөйтүп, ресурстук базасын кеңейтүүнү улантат. Жыл аягына чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында жаңы көмүр участокторун ишке киргизүү пландалып жатат.