Адылбек Касымалиев: "Жол тармагына каржылоо 60 млрд сомго жетти"
Бүгүн, 30-октябрь – автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Майрамдык иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы сатып алынган элүүдөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды. Министр Талантбек Солтобаев самосвал, автогрейдер, жүктөгүчтөр сыяктуу атайын техникалар тууралуу маалымат берди. Анда Адылбек Касымалиев мындай машиналар өлкөнүн жол чарба тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо, автомобиль жолдорун курууда, оңдоо иштеринин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууда өбөлгө түзөөрүн билдирди.
Статистикалык маалыматтар боюнча, тармакка 2010-2020-жылдар аралыгында 648 техника алынган болсо, 2022–2026-жылдары 5 жылда 1344 жаңы техника сатып алынган.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен акыркы беш жылда мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгү кеңейгенин, мурда жол тармагына жылына болжол менен 2 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келсе, акыркы жылдары каржылоонун көлөмү 60 млрд сомго жеткенин билдирди.
"Кадырлуу жолчулар! Акыркы беш жылда өтө көп чоң жолдор салынды. Өлкөнүн бардык аймагын кошкондо маселен асфальт төшөө иштеринде, 2025-жылы 1 545 чакырым жол асфальтталса, быйыл 1 700 чакырымдан ашат. Бул – жол куруунун масштабы кандай өскөнүнүн тастыктайт. Ал эми курулуп жаткан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунда Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн ар бир жүк өлкөбүзгө киреше, ишкерлерибизге мүмкүнчүлүк, элибизге жумуш ордун алып келерине ишенем. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!", - деп сөзүн жыйынтыктады Касымалиев.
Ошондой эле, салтанаттуу иш-чаранын алкагында өлкөнүн бир катар аймактарында курулуп, оңдолгон маанилүү автомобиль жолдорунун объектилерин онлайн режиминде ачылды.