Жыл башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти
2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала баалоого ылайык 264 млрд 52,5 млн сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,8%га көбөйгөн.
Ошол эле учурда экономиканын өсүү темпи бир аз жайлады: 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 9% болгон.
ИДПнын түзүмүндө төмөнкү секторлор негизги үлүштү түздү:
- кызмат көрсөтүү тармагы — 49,9%дан ашык
- товар өндүрүү тармактары — 31,1%
- продукцияга таза салыктар — 19%
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө (2025-жылдын январь–февраль айлары менен салыштырганда) негизинен төмөнкү тармактар салым кошкон:
- химиялык продукция өндүрүшү — 3,1 эсеге өскөн
- фармацевтикалык продукция — 1,7 эсеге өскөн
- резина жана пластмасса буюмдары, курулуш материалдары, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык продукциялар — 1,6 эсеге өскөн
- транспорт каражаттарын өндүрүү — 42,4%га көбөйгөн
Баалар боюнча айтсак, 2026-жылдын январь–февраль айларында (2025-жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө баалары жана тарифтер 1,9%га өскөн.
Жылдык эсепте инфляция 9,7%га жетти.
2026-жылдын башынан бери эң көп кымбаттаган товарлар жана кызматтар:
- калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери — 3,6%га
- алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары — 2,2%га
- тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар — 2,1%га.