Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат.

Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган.

Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда. Тактап айтканда, комиссиянын маалымкатынын негизинде салык кызматы электрондук эсеп-фактураны жараксыз деп таануу жөнүндө чечимди эки жумуш күнүнүн ичинде түзөт.

Чечим салык төлөөчүгө тапшырылгандан кийин ЭСФ маалыматтык системасында анын тапшырылган күнү көрсөтүлүп, тиешелүү электрондук эсеп-фактуранын статусу "жараксыз" болуп өзгөртүлөт.

Ошондой эле долбоордо мындай чечимди жокко чыгаруу тартиби да каралган. Эгер чечим жокко чыгарылса, салык органы жаңы чечимдин реквизиттерин системага киргизип, эсеп-фактуранын статусун "кабыл алынды" деп өзгөртөт.

Мындан тышкары, учурдагы тартиптеги 22-пункт күчүн жоготту деп табуу, ошондой эле эсеп-фактураларды жараксыз деп таанууда колдонулган чечимдин формасын өзгөртүү сунушталууда.

Бул өзгөртүүлөр электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын иш тартибин тактоого жана салыктык процесстерди башкарууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

Россияда белгилүү жазуучу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылганын "Известия" басылимасы билдирди.  Анда белгиленгендей, китептин баштапкы баасы 300 миң рубль деп белгиленген. Лот алты томдон турган китептер топтому болгон. Китептердин мукабасында аз гана эскирүү белгилери бар экени айтылат.  Атактуу роман алгач