Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды.
Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө чарба өнөр жайлык деңгээлде сүт өндүрүүгө адистешкен асыл тукум мал чарба катары иш алып барууда.
Ферма дүйнөлүк деңгээлдеги DeLaval (Швеция) компаниясынын долбоорунун негизинде курулуп жатат. Комплекс толугу менен автоматташтырылган системалар менен жабдылып, жогорку өндүрүмдүүлүктү, биологиялык коопсуздукту жана мал чарбасын ачык-айкын башкарууну камсыз кылат.
Фермадагы саан системасы "ёлочка" форматындагы 2×14 үлгүсүндө орнотулган. Бул бир убакта 28 уйду саап алууга мүмкүнчүлүк берет. DeLaval компаниясынын компьютердик системасы аркылуу ар бир уйдун суткалык сааны, ар бир саан учурунда алынган сүттүн көлөмү, малдын активдүүлүгү, ден соолугу жана өндүрүмдүүлүгү онлайн режимде көзөмөлдөнөт.


Учурда фермага голштин породасындагы 336 саан уй алып келүү пландалууда. Жалпы малдын саны болжол менен 436 башка жетет.
Фермада өндүрүш процесси толугу менен автоматташтырылган жана экологиялык жактан таза технологияларга негизделген. Кыкты автоматтык түрдө чыгаруучу система иштейт. DeLaval сепаратору аркылуу кык суюк жана катуу фракцияларга бөлүнөт. Суюк бөлүгү сугарууга жана фертигацияга пайдаланылса, катуу бөлүгү кургак органикалык жер семирткич катары колдонулат. Бул система өндүрүштү толук калдыксыз цикл менен жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, фермада жогорку технологиялык желдетүү жана микроклимат системасы орнотулган. Ал автоматтык түрдө температураны, желдетүүнү жана муздатууну жөнгө салып, мал үчүн оптималдуу шарттарды түзөт.
Долбоордун негизги өндүрүштүк максаты — суткасына 25 тонна же 25 миң литр сүт өндүрүүгө чыгуу. Мында ферма келечекте түзүлө турган сүт кластеринин негизги бөлүгү болуп калары күтүлүүдө. Кластердин алкагында йогурт жана даяр сүт азыктарын чыгарган чакан өндүрүш ишканасын ачуу да пландалып жатыптыр.