Алмамбет Шыкмаматов "Кыргызнефтегаз" эмнеге буга чейин текшерилбегенин айтты
Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жана анын жакындарынын катышы бар коррупциялык иштер делген маалымат боюнча 17-мартта "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.
Ал Мамлекеттик салык кызматы эмне үчүн айтылып жаткан коррупциялык схемаларды Камчыбек Ташиев кызматта турган учурда текшерип, аныктаган эмес деген суроого төмөнкүчө жооп берди:
"Ачыгын айтыш керек, “Кыргызнефтегаз” толугу менен УКМКнын көзөмөлүндө болгон. Силер жакшы билесиңер, биздин салыкчылардын айрымдары да УКМКнын тузагына илинип, камакта отурат ушул убакка чейин. “Кыргызнефтегазды" текшерүү мүмкүн эмес болчу. Азыр салыкчыларга мүмкүнчүлүк түзүлдү, барып текшерип, иликтеп чыгардык. Эми эки жол турат: же ачыкка чыгыш керек же жаап-жашырып коюш керек болчу. Биз ачыкка чыгардык", - деди Шыкмаматов.
Салык кызматы 16-мартта “Кыргызнефтегаз” ишканасынын мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген аракеттер аныкталганын маалымдаган. Анда өлкөдөгү мунай өндүрүү жана сатуудагы коррупциялык схемаларга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги “Өз кишилер үчүн нефть: "Кыргызнефтегазды” кандайча талкалашкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болгону айтылган.