Экономика министрлиги 2027-жылга чейин бизнести текшерүү мораторийин бекитүүнү сунуштады

Экономика министрлиги 2027-жылга чейин бизнести текшерүү мораторийин бекитүүнү сунуштады

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 31-декабрына чейин текшерүүлөрдүн көпчүлүгүнө тыюу салууну нормативдик документ менен бекитүүнү сунуштады. Документтин максаты ыйгарым укуктуу органдардын бизнес түзүмдөрдүн ишине негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоо.

Ведомство бул демилгени Садыр Жапаровдун жарлыгын ишке ашыруу алкагында Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору катары сунуштады. Мындай чаранын зарылдыгы ишкерлерден түшкөн кайрылуулардын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт, анда алар текшерүүчү органдардын ашыкча басымы тууралуу билдиришкен.

Мораторий киргизүү төмөнкү максаттарды көздөйт:

  • кыянаттык менен пайдалануу коркунучтарын азайтуу,
  • коррупциялык механизмдерди ооздуктоо,
  • административдик жүктү жеңилдетүү,
  • экономиканын туруктуу өсүшүн стимулдаштыруу жана жагымдуу инвестициялык климат түзүү.
Убактылуу тыюу тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон органдардын текшерүүлөрүнө жайылтылат. Ошол эле учурда документте текшерүүлөргө уруксат берилген тогуз өзгөчө учур каралган.

Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • кылмыш жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагындагы текшерүүлөр;
  • ишкердик субъекттеринин өздөрүнүн арыздары боюнча текшерүүлөр;
  • чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сурамдары;
  • жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча текшерүүлөр.

Ошондой эле, мыйзам бузуулар боюнча так фактылар болуп, алар документтер же жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялар менен тастыкталса, көзөмөлдөөчү органдар текшерүү жүргүзө алышат. Мындан тышкары, төмөнкүлөр мораторийге кирбейт:

  • бажы көзөмөлү;
  • Улуттук банк ишмердүүлүгү;
  • жарандык авиация тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын текшерүүлөрү.

Салык органдары болсо Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 28-январындагы №18 жарлыгы менен белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен ишин улантат.

Тыюуну аткаруу жоопкерчилиги укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын жетекчилерине жекече жүктөлөт. Ошол эле учурда аларга мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн туруктуу негизде профилактикалык иштерди жүргүзүү жана бизнеске консультация берүү тапшырылды.

Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга koomtalkuu.gov.kg порталына чыгарылды жана аны ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media