Кыргызстанда банк секторунун таза кирешеси январда 2 млрд 241 млн сом болду
Кыргызстанда 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча банк секторунун таза кирешеси 2 млрд 241 млн сомду түзгөнүн Улуттук банкынын отчетунда айтылат.
Көрсөтүлгөн мезгилде өлкөдө 23 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иш алып барган.
Банк секторунун жалпы активдери 2025-жылы декабрь айына салыштырмалуу 10,7%га өсүп, 1 трлн 340,7 млрд сомду түзгөн.
Эске салсак, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын банк сектору алдын ала маалыматтарга ылайык 33,1 млрд сом таза киреше алган.