Эки айда КММ арзандап, кийим, турмуш-тиричилик техникасынын баасы өстү

Эки айда КММ арзандап, кийим, турмуш-тиричилик техникасынын баасы өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–февраль айларында азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга кошкон салымы 0,12%дык пунктту түзгөнү статистикалык маалыматтарда айтылат.

Эң чоң өсүш кийим-кече жана бут кийим боюнча катталып, баалар 1,2%га жогорулаган. Алардын инфляцияга кошкон салымы 0,13%дык пункт болгон.

Мындан тышкары, үй тиричилик буюмдары жана турмуш-тиричилик техникаларынын баасы 2%га өсүп, инфляцияга 0,07%дык пункт салым кошкон.

Ошол эле учурда турак жай кызматтары, суу, электр энергиясы, газ жана башка отун түрлөрүнүн баасы 1,1%га төмөндөгөн. Бул категориянын инфляцияга кошкон салымы минус 0,12%дык пунктту түзгөн.
Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар(КММ) рыногунда да төмөндөө байкалган. КММдин баасы 1,9%га арзандап, инфляцияга терс таасири 0,04%дык пункт болгон. Тактап айтканда, бензин 2,1%га, ал эми дизелдик отун 2,8%га арзандаган.

Баалардын төмөндөшү декабрдын аягында орусиялык мунай иштетүүчү заводдор салттуу түрдө сунуштаган сезондук арзандатуулар, ошондой эле күйүүчү майды төмөн баада сатып алуу менен байланыштуу.

Маалыматта белгиленгендей, 2025-жылдын декабрь айында КММдин дүң баалары бир аз төмөндөп, андан кийин айрым компаниялар күйүүчү майды төмөн баада жеткирүү боюнча келишимдерди түзүшкөн. Бул партиялар Кыргызстанга келип түшкөндөн кийин, айрым май куюучу жайларда баалар 1 сомго жана андан да көпкө арзандаган.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 3306 гектар сугат жери өздөштүрүлөт – С.Жапаров

Нарында 3306 гектар сугат жери өздөштүрүлөт – С.Жапаров

Соңку беш жылда Нарында ирригация тармагында 3 млрд сомго жакын иштер аткарылганын президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын шаарында өтүп жаткан Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Өлкө башчысы белгилегендей, Нарын тоолуу өрөөн, кокту сайын суу түшкөн аймак болгону менен, облуста сугат суу менен камсыздоодо дагы көйгөйлөр болуп келген. Мындан улам

Кумтөрдүн дүң кирешесинин 0,6%ы Нарынды өнүктүрүүгө багытталып жатат – Садыр Жапаров

Кумтөрдүн дүң кирешесинин 0,6%ы Нарынды өнүктүрүүгө багытталып жатат – Садыр Жапаров

Кумтөрдүн дүң кирешесинен 0,6 пайызы “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшүп жатканын Нарында өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Президенттин айтымында, 2022-жылдан баштап өлкө экономикасынын маанилүү булагы болгон Кумтөр алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6%ы облустун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшө баштады. “Бүгүнкү күнгө чейин

Нарын облусунда 259 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарын облусунда 259 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарын облусунда 259 чакырым жолдоруна асфальт төшөлгөнүн Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, соңку беш жылда 50дөн ашык социалдык обьектилер пайдаланууга берилип, жолдор оңдолууда.  “Нарында 5 жылда 259 чакырым жолго асфальт төшөлсө, анын 135 чакырымы былтыркы жылы басылды.  Мунун

Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө катышты. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө өлкө башчы жылпы кыргызстандыктарды Улустун Улуу күнү менен куттуктады:    “Кымбаттуу кыргызстандыктар! Ар-намысы тоодой бийик теңир тоолук агайын-туугандар! Күн менен түн теңелип, жер бетинде тиричилик жанданып, жергебизге жалпыбыз күткөн жаз келди. Ата-бабаларыбыздан калган улуу көчтү