Балдар тамак-ашы катары катталган айрым суусундуктарга акциз салыгы салынат

Балдар тамак-ашы катары катталган айрым суусундуктарга акциз салыгы салынат

Мамлекеттик салык кызматы ТЭИ ТН 2202 коду боюнча классификацияланган, балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоодон өткөн алкоголсуз суусундуктарга милдеттүү түрдө акциз салыгын салынарын билдирди.

2026-жылдын 1-январынан тартып кант, татымалдар же даам берүүчү, жыпар жыттуу кошулмалары бар жана ТЭИ ТН 2202 коду боюнча классификацияланган алкоголсуз суусундуктар (тактап айтканда, суулар, минералдык жана газдалган сууларды кошкондо), балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүнө карабастан, милдеттүү түрдө акциз салыгы салынууга жана акциздик маркалар менен маркаланууга тийиш.

"Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-майынан баштап өлкө аймагында мындай продукциянын маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат", – деп айтылат маалыматта.
Суусундуктардын бул категориясына акциз салыгынын ставкасы өзгөрүүсүз калат жана литрине 3 сомду түзөт. Белгилей кетсек, акциздик товарларга кант, татымал же жыпар жыттуу кошулмалары бар суусундуктар гана кирет. Балдардын тамак-аш азыктары катары саналган пюре, ботко жана ушул сыяктуу товарларга акциз салыгы салынбайт.

Бул норма жогоруда көрсөтүлгөн күбөлүктү берүү жолу менен акциз салыгын төлөөдөн качуу тобокелдиктерин жоюуга жана алкоголсуз суусундуктарды өндүргөн ата мекендик өндүрүүчүлөргө бирдей атаандаштык шарттарды түзүүгө багытталган.

Кыргызстанда ТЭИ ТН 2202 кодуна кирген суусундуктарга балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө ыйгарым укуктуу орган жок экендигин белгилей кетүү маанилүү. Бул буга чейин адилетсиз практикага шарт түзүп келген. Тактап айтканда, айрым импорттоочулар айрым даамдагы суусундуктарга мындай күбөлүктөрдү берип, бул аларга акциз төлөөдөн качууга мүмкүндүк берген. Ал эми башка даамдагы ушул эле продукцияга салык салынып келген.

Мындан тышкары окуңуз

1-апрелден тарта Ош-Ташкент-Ош авиакаттамы ишке кирет

1-апрелден тарта Ош-Ташкент-Ош авиакаттамы ишке кирет

1-апрелден тарта Centrum Air авиакомпаниясы Ош — Ташкент — Ош багыты боюнча туруктуу каттамдарды ишке киргизерин "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Учуу каттамдары жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү — Airbus A320 family учактары менен аткарылат. Учуу узактыгы болжол менен 1 саат 10 мүнөттү түзөт. Билеттердин эң төмөнкү

Япония "Кыргызстан электр тармактарынын" окуу борборун жаңыртууга 1,5 млрд доллар бөлөт

Япония "Кыргызстан электр тармактарынын" окуу борборун жаңыртууга 1,5 млрд доллар бөлөт

Президент Садыр Жапаров "Кыргызстанда электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча ратификациялоо мыйзамына кол койду. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашуу жөнүндө болуп жатат. Долбоордун негизги максаттары: * "Кыргызстан улуттук электр тармагы"

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык жаран жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык жаран жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте 6 миңден ашуун абонент электр энергиясы үчүн карызы бар экендигине байланыштуу жарыксыз калышы мүмкүн экенин Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-марттан тарта дебитордук карызы бар абоненттердин жарыгы аралыктан өчүрүлө баштайт. Энергетиктер борбор калаанын тургундарын ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат. Ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы&

Кочкор районунда 2 гектар жер кытайлык компанияга ижарага берилди

Кочкор районунда 2 гектар жер кытайлык компанияга ижарага берилди

МинКаб "Шаньси көмүр автотранспорттук ташуу жана сатуу компаниясы" ЖЧКсына Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан 2 гектар жер тилкесин 15 жыл мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берди. 2026-жылдын 17-мартындагы №173-р тескемеге ылайык, бул жер тилкеси мамлекеттик менчик болуп саналат жана "өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка