1-апрелден тарта Ош-Ташкент-Ош авиакаттамы ишке кирет
1-апрелден тарта Centrum Air авиакомпаниясы Ош — Ташкент — Ош багыты боюнча туруктуу каттамдарды ишке киргизерин "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Учуу каттамдары жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү — Airbus A320 family учактары менен аткарылат. Учуу узактыгы болжол менен 1 саат 10 мүнөттү түзөт.
Билеттердин эң төмөнкү баасы эки тарапка 1,5 млн сумдан (болжол менен 11 миң сом же 124 доллар) башталат, жүк акысы бул суммага кирбейт. Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан жана сатуу каналдары аркылуу сатып алууга болот.
Каттамдардын графиги Ташкент шаарындагы ыңгайлуу туташууларды эске алуу менен түзүлгөн. Бул Ош шаарынан учкан жүргүнчүлөр үчүн авиакомпаниянын башка багыттарына учууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Кыргызстана аэропорттору" белгилегендей, жаңы каттамдын ачылышы туризм менен бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы байланышты чыңдайт.
Centrum Air — 2023-жылы негизделген, Ташкент шаарында жайгашкан Өзбекстандын жеке авиакомпаниясы. Ал ички жана эл аралык каттамдарды аткарып, Борбор Азия жана башка аймактар боюнча маршруттук тармагын кеңейтүүдө. Авиакомпаниянын паркында Airbus A320 family жана A321 учактары бар.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу