Узак жылдар бою каралбай калган "Дан" мамлекеттик ишканасы кайра жанданды
"30+20+10" долбоорунун алкагында Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти "Дан" мамлекеттик ишканасы менен таанышты.
Учурда ишкана өкмөттүн колдоосу менен модернизациядан өтүп жатат. 2025-жылдын декабрында кесме өндүрүшү ишке киргизилген. Ал эми 2026-жылдын экинчи чейрегинде суткасына 150 тонна кубаттуулуктагы тегирменди жаңылоо пландалып жатат.
1975-жылы негизделген ишкана бүгүн 125 адамды жумуш менен камсыздап, кайра иштетүү тармагына салым кошууда. Жолугушууда мамлекеттик сатып алууларды жөнөкөйлөтүү, жабдуулар менен камсыз кылуу жана лаборатория ачуу маселелери көтөрүлдү.
Эске салсак, ишканага Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун ичинен 100 млн сому жумшалган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 200 млн сомдон ашык карызы жоюлуп, имараттар капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.
30 жыл бою каралбай, талкаланган имарат менен чириген жабдуулардын ордуна азыр дүйнөлүк стандарттагы жаңы технологиялар орнотулду. Заводдо көп кабаттуу тегирмен комплекси, макарон жана мал тоютун өндүрүүчү үч ири цех даярдалды.
Ишкананын башкы директору Болот Исмаиловдун айтымында, тез даярдалуучу кесме чыгаруучу линия толук ишке киргенде айына 1400 тоннага чейин продукция өндүрүлөт. Алгачкы тесттик партияда уй жана тоок эти даамындагы эки түрдөгү кесме чыгарылууда. Завод ишке кирсе 80ге жакын адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.
Ишкананын технологиялык жабдуулары Кытайдан алынып келип, ал жактагы инженерлер адистерди окутуп, өндүрүштү жолго коюуга жардам берүүдө. “Бул — дүйнөлүк макарон өндүрүүчүлөр колдонгон кубаттуу жана сапаттуу линия. Бардык жабдуулар эл аралык стандарттарга жооп берет”, — дейт инженер Лиан Ли.
Завод экологиялык талаптарга ылайык иштелип чыккан. Анда түтүн чыкпаган пар берүүчү системалар орнотулган. Учурда “Дан” ишканасынын бош турган башка объектилери да калыбына келтирилип, ун комбинаты жана тоют цехи кайра иштей баштады.