Кыргызстан Индиянын компаниялары менен энергетика жаатында кызматташат
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Индиянын алдыңкы компаниялары менен кызматташтыкты талкуулаганын ведомстводон маалымдашты. Жолугушуу Нью-Дели шаарында өткөн Bharat Electricity Summit 2026 саммитинин алкагында өттү.
Ибраевдин индиялык ири компаниялар — KEC International, NHPC, NTPC жана CraticAI Services менен сүйлөшүүсүнөн кийин энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки меморандумга кол коюлду.
Тараптар гидроэнергетиканы өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактары, инфраструктураны модернизациялоо жана санариптештирүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле кыргыз делегациясы Нойда шаарындагы күн электр станциясынын иши менен таанышып, энергияны сактоонун заманбап технологияларын изилдешти.