Өзгөн районундагы күрүч талаалары, жаңгак токойлорунун топурагы изилденип жатат
Кыргызстанда ExSoil аттуу эл аралык илимий экспедиция башталды. Анын алкагында окумуштуулар Манас районундагы жаңгак-мөмө токойлорунун топурагын жана Өзгөн районундагы күрүч талааларын изилдеп жатышканын Ош технологиялык университети билдирди.
Долбоор Германия өкмөтүнүн колдоосу менен Лейбниц университети жана аймактагы алдыңкы жогорку окуу жайлары менен биргеликте ишке ашырылып жатат. Экспедицияны эл аралык деңгээлдеги окумуштуулар жетектейт.
Экспедициянын алкагында өлкөнүн уникалдуу экосистемалары комплекстүү түрдө изилденүүдө. Тактап айтканда, токой массивдеринин топурагы, анын ичинде дүйнөгө белгилүү жаңгак-мөмө токойлору анализденет. Ошондой эле Өзгөн районундагы күрүч талаалары жана сугат сууларынын гидрохимиялык курамы изилденип жатат. Окумуштуулар дыйканчылыктын топурактын сапатына тийгизген таасирин да баалоодо.


Изилдөөнүн негизги куралдарынын бири — Жерди алыстан зонддоо технологиялары болуп саналат. Алар аймактык деңгээлде топурак катмарындагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Долбоордун жыйынтыктары Борбор Азиянын топурак картасын жаңылоого жардам берип, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы экологиялык саясатты иштеп чыгууга негиз болот деп күтүлүүдө.