Бишкек шаарында "Манас" ири маданий комплексинин курулушу башталды

Бишкек шаарында "Манас" ири маданий комплексинин курулушу башталды

Борбор калаада жаңы "Манас" маданий борборунун курулушунун башталышына арналган убакыт капсуласын салуу аземи өттү. Иш-чарага Каныбек Туманбаев катышып, долбоордун расмий башталышына старт берди.

Маалыматка ылайык, комплекс куруу үчүн 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Имараттын жалпы аянты 6 миң 681 чарчы метрди түзөт.

Уюштуруучулардын айтымында, "Манас" борбору улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана ар кандай деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө багытталган заманбап маданий мейкиндик болот.

Курулушту 2027-жылдын экинчи чейрегинде бүтүрүү пландалып жатат.
Ошондой эле комплекс өзүн-өзү каржылоо принциптеринин негизинде иштеп, чыгымдарын өз кирешесинин эсебинен жабары белгиленди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат