Мамлекеттик менчик жайларын ижарага берүүдөн былтыр 290 млн сом түшкөн

Мамлекеттик менчик жайларын ижарага берүүдөн былтыр 290 млн сом түшкөн

Мамлекеттик менчиктеги жайларды ижарага берүүдөн түшкөн киреше жылына 200–300 млн сомдон ашпай тургандыгын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда келтирген.

Агенттик 19-мартта "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү маселелери жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мекеменин баалоосуна ылайык, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тармагында бир катар институционалдык жана системалык көйгөйлөр бар:

  • баланс кармоочулардын (мамлекеттик уюмдардын) бош жана пайдаланылбаган жайларды ижарага берүүгө кызыкчылыгы жок, анткени бардык каражат республикалык бюджетке түшөт;
  • ижарага берилген мамлекеттик имараттар менен жайлардын техникалык абалы канааттандырарлык эмес, бул жогорку чыгымдар жана административдик процедуралар менен кошо мамлекеттик коммерциялык кыймылсыз мүлктү атаандаштыкка жөндөмсүз кылат;
  • мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде бош жана пайдаланылбаган жайлар боюнча актуалдуу маалымат жок, анткени мамлекеттик кыймылсыз мүлктү башкаруу системасы борборлоштурулган эмес жана бош турган активдерди аныктоонун натыйжалуу механизми иштебейт;
  • (кайталанган) ижарага берилген имараттардын техникалык абалы начар болуп, бул дагы алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт;
  • баланс кармоочуларда көп учурда ижара келишимин түзүү үчүн зарыл болгон укук белгилөөчү жана укукту тастыктоочу документтер жок болот.
Агенттиктин маалыматына ылайык, 2024-жылы мамлекеттик менчиктеги ижарага берилген жайлардын жалпы аянты 118,5 миң чарчы метрди түзүп, жылдык киреше 180,5 млн сом болгон.
2025-жылы ижара акысы катары республикалык бюджетке 290 млн сом түшкөн.

Мындан тышкары окуңуз

Санкт-Петербургдан 8 миңден ашуун мигрант чыгарылган

Санкт-Петербургдан 8 миңден ашуун мигрант чыгарылган

2025-жылы Санкт-Петербург шаарынан 8 миңден ашуун мигрант өлкөдөн чыгарылган. Ал эми быйыл жыл башынан бери 1,9 миң мыйзамсыз мигрант чыгарылганын Федералдык сот аткаруучулар кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, бул жарандардын баары миграциялык режимди бузган. Федералдык сот аткаруучулар кызматынын башкармалыгынын сүрөтү "2026-жылы сот аткаруучулар Пулково аэропортунун чек ара көзөмөлүнө

Кыргызстандан - Өзбекстанга комиссиясыз акча которууга болот

Кыргызстандан - Өзбекстанга комиссиясыз акча которууга болот

Эми “Элкарт Мобайл” тиркемеси аркылуу Кыргызстандан Өзбекстанга акча которуу кыйла оңой жана пайдалуу болуп калды. Бул тууралуу «Элкарт» улуттук төлөм системасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, которулган акча картага бир заматта алуучунун картасы же телефон номеринин жардамы менен аткарылат. Бул жеңилдик эки багыттан бирдей иштейт. Которууну Кыргызстандан Өзбекстанга жана кайра Элкарт карталарына

Кыргызстанда цементке молекулярдык маркалоо киргизилет

Кыргызстанда цементке молекулярдык маркалоо киргизилет

Кыргызстанда цементке молекулярдык маркалоо киргизүү тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ продукцияны өндүрүү жана импорттоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле бюджетке салык түшүүлөрүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Долбоорго ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан тартып өлкөдө өндүрүлгөн жана импорттолгон бардык цемент милдеттүү түрдө маркалоодон өтүшү керек. Ал эми 1-декабрдан тартып маркалоосу жок

Салык төлөөчүлөр салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматын текшерүүсү зарыл

Салык төлөөчүлөр салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматын текшерүүсү зарыл

Мамлекеттик салык кызматы мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын алуу жана салыктык эсепке алуунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында салык төлөөчүлөрдү өздөрүнүн салыктык каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырууда. Салык кызматынин билдирүүсүнө караганда, текшерүүнү юридикалык, жеке жактар жана ошондой эле жеке ишкерлер салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Сервистер» бөлүмүндө, №24 жана №25 формаларында жүргүзүшү керек. Төмөнкү