Кыргызстанда агрохимикаттарды каттоонун электрондук системасы киргизилет
Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти пестициддер менен агрохимикаттардын маалымат базасын заманбап электрондук форматка өткөрүүнү баштады. Бул долбоор республикадагы агрардык тармакты башкарууну санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда адистер Кыргызстан аймагында колдонууга уруксат берилген препараттардын электрондук реестрин түзүп жатышат. Бул система өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын эсепке алууну тартипке салып, агрохимия рыногунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.
Маалымат базасын толтуруу менен катар, мекеме системанын функционалын ар тараптуу тестирлөөдөн өткөрүүдө. Сыноолорго рыноктун түз катышуучулары — өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жеткирүүчүлөр да катышууда.
Электрондук системаны киргизүү уруксат берүүчү документтерди текшерүүдө адам факторун жоюуга жана фермерлерге мыйзамдуу жана коопсуз препараттар тууралуу маалыматка тез жетүүгө шарт түзөт. Толук электрондук эсепке өтүү жеткирүүчүлөр үчүн логистиканы жеңилдетип, колдонулган химикаттардын сапатын катуу көзөмөлдөө аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатат деп күтүлүүдө.