Казакстандын фермерлери буудайдан жасмыкка (чечевица) өтүп жатышат — себептери

Казакстандын фермерлери буудайдан жасмыкка (чечевица) өтүп жатышат — себептери

Казакстандын айыл чарба тармагы эгин айдоо аянттарын кеңири диверсификациялоону баштады. Өлкөнүн фермерлери салттуу буудайдан баш тартып, кирешелүүлүгү жогору буурчак өсүмдүктөрүнө өтүп жатышканын inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg жазды.

Аграрчыларды колдоо максатында Казакстандын "Азык-түлүк келишимдик корпорациясы" улуттук компаниясы" ААКы узак мөөнөттүү форварддык каржылоо механизмин ишке киргизди. Программа Акмола, Костанай облустары жана Түндүк Казакстан облусу аймактарындагы чарбаларга багытталган.

Жаңы колдоо программасы эгин айдоо иштерин алдын ала каржылоону карайт — продукциянын ар бир тоннасына 90 миң теңгеден эсептелет. Бул фермерлерге айланма каражаттарды алууга жана продукцияны кепилденген түрдө сатууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындай өзгөрүүлөрдүн зарылдыгы түндүк аймактардын буудайга жогорку көз карандылыгы менен түшүндүрүлөт. Айдоо структурасында буудайдын үлүшү 87%га чейин жетет, бул дүйнөлүк баалар түшүп кеткенде же түшүм аз болгон учурда чоң экономикалык тобокелдиктерди жаратат.

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы беш жылда буурчак өсүмдүктөрүнүн аянты төрт эсеге өсүп, 781 миң гектарга жеткен. Ал эми 2025-жылы дээрлик 1 млн тонна көлөмүндө рекорддук түшүм алынган.
Өндүрүштүн өсүшү экспортко да таасирин тийгизди: кургатылган буурчак өсүмдүктөрүн чет өлкөлөргө жеткирүү 570 миң тоннадан ашып, бир жыл ичинде 1,5 эсеге көбөйдү.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда автоунаа өндүрүү көлөмү 7 млн долларга жетти

Эки айда автоунаа өндүрүү көлөмү 7 млн долларга жетти

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 621,3 млн сомду же 7 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат. Ошол эле учурда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш анча чоң эмес болгон — 620,6 млн сомдон көбөйгөн. Февраль айында өлкөдө 347,6

Алар-Арча дарыясынын жээгинен 17 объект демонтаждалды

Алар-Арча дарыясынын жээгинен 17 объект демонтаждалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиаты билдиргендей, Жунусалиев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеде Ала-Арча дарыясынын коргоо аймагы текшерүүдөн өткөрүлдү. Иш-чара шаардык кызматтардын катышуусу менен уюштурулду. Текшерүүнүн жыйынтыгында коргоо аймагында мыйзам бузуу менен жайгашкан 17 объект демонтаждалды. "Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтары суу объектилеринин коргоо аймактарын бошотуу жана шаар куруу менен

С.Жапаров: Алгачкы жолу улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгара баштадык

С.Жапаров: Алгачкы жолу улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгара баштадык

Өлкө президенти Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында, кубанычтуу кабар менен бөлүштү. Президенттин айтымында өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Садыр Жапаровдун билдирүүсү: "Бүгүн - Кыргызстан үчүн тарыхый күн! Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма

Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты

Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында "Digital Qazaqstan – 2026" эл аралык санарип форумуна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Форумдун алкагында делегация башчылары санарип технологиялардын көргөзмөсү менен таанышып, жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана экологияны коргоого багытталган долбоорлор сунушталды. Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Касымалиев