Сокулукта соода-логистикалык борбор курулат
Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары Рустам Балтабаев менен Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар "Кыргыз Агрохолдинг" ААК менен биргеликте ишке ашырылып жаткан соода-логистикалык борборду куруу долбоорунун даярдык иштеринин жүрүшүн талкуулашты. Азыркы учурда аталган долбоор боюнча активдүү даярдык иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
KOICA өкүлдөрү кыргыз тарапка долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары тууралуу маалымат беришти, анын ичинде долбоорлоо, каржылоо жана уюштуруучулук коштоо маселелери камтылды. Тараптар бул демилгени мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин ырасташты.

Соода-логистикалык борборду Сокулук районунда жайгаштыруу пландалып жатат. Долбоордун жалпы баасы болжол менен 6 млн долларды түзөт.
Долбоорду ишке ашыруу айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү жана сатуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын агрардык секторунун экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.