Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасс аймагына Кыргызстандан жана Казакстандан 121 тонна жаңы жашылча жеткирилгенин Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын Сибирь аймактар аралык башкармалыгы билдирди.

Жалпы жүктүн 66 тоннасы баш пияз, 33 тоннасы жаңы помидор жана 20 тоннасы сабизди түзөт. Өнүмдөр Кемерово шаарындагы сыноо лабораториясында бардык зарыл изилдөөлөрдөн өткөрүлгөн.

Маалыматта белгиленгендей, жүктөргө тиешелүү бардык товар коштоочу документтердин болушу жана продукцияда карантиндик зыяндуу организмдердин жоктугу карантиндик фитосанитардык көзөмөл актыларын ийгиликтүү тариздөөгө негиз болгон. Бул актылар продукцияны андан ары сатууга уруксат берет.

Мындан тышкары окуңуз

Зардалыда кичи футбол аянтчасы курулууда

Зардалыда кичи футбол аянтчасы курулууда

Баткен облусунун Зардалы айылында кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов айылдын социалдык жана инфраструктуралык абалы менен таанышып, президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен салынып жаткан спорт аянтчасын көрүп чыкты. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 29-сентябрында мамлекет башчысы Зардалы айылына барган учурда жергиликтүү тургундар менен

"Келечек" борборунда 3 жылда 1800дөн ашык бала реабилитациядан өттү

"Келечек" борборунда 3 жылда 1800дөн ашык бала реабилитациядан өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Келечек" реабилитациялык борборунда 2023-2026-жылдары 1869 майыптуулугу бар бала реабилитациялык кызматтарды алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 2026-жылдын биринчи кварталында 174 бала реабилитация курсунан өттү. Алардын 71и кыз, 103ү эркек балдар. Борбордун кызматтарын алган балдардын көбү Бишкек шаарынан — 91 бала. Калгандары Чүй облусунан

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы