Россияга 700 орун, Венгрияга 300: кыргызстандыктар чет өлкөдө кантип акысыз билим алышат?

Россияга 700 орун, Венгрияга 300: кыргызстандыктар чет өлкөдө кантип акысыз билим алышат?

Кыргызстандык жаштар үчүн 2026–2027-окуу жылында Россия, Венгрия, Кытай жана башка өнөктөш мамлекеттердин университеттеринде билим алууга квоталар каралган. Бирок быйыл чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына жалпысынан канча кыргызстандык кабыл алынганы тууралуу толук статистикалык маалымат тактала элек. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен “Ишкер медиа” маалымат басылмасынын суроо-талабына берген жообунда билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026–2027-окуу жылына карата өнөктөш мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдердин жана эл аралык программалардын негизинде төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр сунушталган:
  • Россия — 700 квоталык орун каралган, дагы 77 талапкер резервдик тизмеге киргизилген.
  • Венгрия — Stipendium Hungaricum программасы боюнча 300 талапкер сунушталып, алардын 104ү боюнча окууга кабыл алынганы тууралуу маалымат бар.
  • Кытай — өкмөттүк программа боюнча 15, Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун университеттерине 34 талапкер сунушталган.
  • Казакстан — 34 талапкер сунушталган.
  • Тажикстан — 27 талапкер сунушталган.
  • Азербайжан — эки талапкер тандоодон өтүп, окууга сунушталган.
  • Өзбекстан — бир талапкер сунушталган.

Бирок министрлик бул сандар чет өлкөлүк университеттерге биротоло кабыл алынган студенттердин санын билдирбей турганын эскертти.

Маалыматка ылайык, акыркы чечим кабыл алуучу тарап тарабынан тиешелүү программанын шарттарына ылайык кабыл алынат. Ошондуктан квоталык орундардын саны, окууга сунушталган талапкерлер жана кабыл алынган студенттер өз-өзүнчө эсептелет.

Эл аралык билим берүү программаларынын алкагында, жаштарга - маалыматтык технологиялар, инженердик-техникалык багыттар, медицина, экономика, педагогика жана филология боюнча окуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталат.

Бирок кыргызстандык жаштар эң көп тандаган мамлекет жана адистик тууралуу так статистикалык маалымат жок. Себеби, министрлик мындай маалыматты аныктоо үчүн чет өлкөлүк университеттерге өз алдынча тапшырган жарандарды да эсепке алуу зарыл дейт, билдирүудө.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн. Маалыматтар келип түшкөндөн кийин жалпыланып, такталат.

“Эл үмүтү” стипендиясы кимдерге берилет?

Кыргызстандык жаштар үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк катары — Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы саналат.

“Эл үмүтү” - Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык стипендиясы Кыргыз Республикасынын таланттуу жана максатты көздөгөн жаштарын колдоо жана QS World University Rankings жана Times Higher Education дүйнөлүк рейтингдеринин алдыңкы 100 орунуна кирген алдыңкы чет элдик жогорку окуу жайларында магистратура жана докторантура (PhD) деңгээлинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында негизделген.

Стипендия Президенттин фондунун каражаттарынан каржыланат. Ишкер медианын буга чейин жарыяланган маалыматында, 2026-жылы “Эл үмүтү” программасынын 26 стипендиаты тууралуу кабарланган.

Бирок аталган стипендиянын ээлерине мамлекеттик каржылоодон жалпы канча каражат карала тургандыгы тууралуу министрлик конкреттүү жооп бере алган жок. Билдирүүгө караганда стипендиянын өлчөмү жана каржылоо шарттары колдонуудагы мыйзамдарга жана стипендиаттар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык аныкталат.

Чет өлкөдөн билим алып келгендерди иш менен камсыздалышы

Чет өлкөдөн билим жана тажрыйба алган жаш адистерди Кыргызстанга кайтаруу, аларды жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча да атайын чара көрүлөт.

Министрликтин жообуна ылайык, чет өлкөдө билим алган бардык жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылуу маселеси тиешелүү мамлекеттик органдардын жана иш берүүчүлөрдүн компетенциясына кирет жана стипендиялык программалар боюнча келишимдик милдеттенмелерден өзүнчө каралат.

“Чет өлкөдө билим алуу” бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн чет өлкөлөрдө, анын ичинде мамлекеттик квоталардын жана стипендиялык программалардын негизинде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат жайгаштырылган. Бул жерден чет өлкөдө билим алууну каалаган кыргызстандыктарга расмий жарыяларга көз салып туруу сунушталат.

Чет өлкөлүк университеттерде билим алган кыргызстандык жаштар өлкөгө жаңы технологияларды, эл аралык тажрыйбаны жана заманбап кесиптик көндүмдөрдү алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындай адистердин тажрыйбасы экономиканы өнүктүрүүдө, илимде, медицинада, билим берүүдө жана ишкердикте маанилүү роль ойной алат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто РКӨФ колдоосу менен жеке мектеп оңдолүп, 50 жаңы жумуш орду түзүлдү

Ошто РКӨФ колдоосу менен жеке мектеп оңдолүп, 50 жаңы жумуш орду түзүлдү

Ош шаарында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жеке мектептин инфраструктурасы кеңейтилип, 50 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2006-жылдан бери иштеп келе жаткан “Грамотей” мектебинде жаңы филиал ачылып, негизги имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Чатыры толугу менен алмаштырылып, ичи оңдоп

Ишкер Media
Эмгек министри 3 облустагы социалдык мекемелердин ишин текшерди

Эмгек министри 3 облустагы социалдык мекемелердин ишин текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, социалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, министр аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен жолугуп, жөлөкпулдарды дайындоо, калкты иш менен камсыз кылуу жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди

Ишкер Media
Темир Сариев: Чек арадагы кезектер ишкерлерди чыгымга учуратууда

Темир Сариев: Чек арадагы кезектер ишкерлерди чыгымга учуратууда

Бишкекте өткөн Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйынында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы кабарлады. Анын айтымында, 2025-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 63 %га өсүп, 2,4 миллиард долларга жеткен. Ал эми 2026-

Ишкер Media
Караколдо 3 млн сом жеңилдетилген каржылоо алган ишкер өсүмдүк майын өндүрүүдө

Караколдо 3 млн сом жеңилдетилген каржылоо алган ишкер өсүмдүк майын өндүрүүдө

Каракол шаарында жеңилдетилген каржылоонун эсебинен өсүмдүк майын өндүрүү жана эмерек жасоо долбоорлору ишке ашырылууда. Бул тууралуу «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, өсүмдүк майын өндүргөн ишкер 3 млн сом каржылоо алган. Учурда ишканада күн карама, сафлор жана жүгөрүдөн майдын үч түрү чыгарылууда. Ошондой эле жеңилдетилген каржылоо аркылуу жыгач устачылык

Ишкер Media