Түптөгү 85 миллион сомдук бала бакчанын курулушу аяктоо алдында
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ысык-Көл айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 85 миллион сомду түзөт.
Эки кабаттуу имараттын аянты 1 404 чарчы метр. Анда уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, сабак өтүүчү жайлар, ашкана, медициналык бөлмө жана кабылдама каралган. Ошондой эле балдар үчүн сыртта оюн аянтчасы уюштурулат.
Бала бакчанын курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган. Учурда негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, имаратты тазалоо, эмеректерди орнотуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.