Лейлек районунун 76 айылы коэфиценттерден, кошумча төлөмдөрдөн кол жууйбу?
Чек ара аймактарынын тургундары мамлекеттик төлөмдөрдөн жана кошумча колдоо берүүчү коэффициенттерден ажырап калышы мүмкүн экенин депутат Камиля Талиева 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү жөнгө салган 1997-жылдын 25-декабрындагы №377 токтом күчүн жоготушу мүмкүн. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.
"Бул Лейлек районундагы 76 айылдын тургундарына таасирин тийгизет: эмгек акыларга кошумча коэффициенттер, өткөөл мезгилдеги төлөмдөр жана башка кошумча каражаттар автоматтык түрдө токтойт", — деди ал.
Депутат белгилегендей, бул коэффициенттер чек арадагы калкты сактап калуу жана ички миграциянын алдын алуу үчүн маанилүү.
"Чек ара аймактарынын тургундары өзгөчө “чек ара” макамына ээ, алардын коэффициенттери 50%ды түзөт. Аларды жоюу терс таасир тийгизиши мүмкүн", — деп кошумчалады Талиева.
Ал тиешелүү министрликтерге жана комитетке бул токтом долбоорун карап чыгууну тапшырууну сунуштады. Ошондой эле төлөмдөрдү акырындык менен кыскартуу пландалып жатканын айтты:
- 2026-жылы — 75%
- 2027-жылы — 50%
- 2028-жылы — 25%
Андан кийин бул категория толугу менен жоюлушу мүмкүн.