Жашыл шаар: Сынактын жеңүүчүлөрүнө 220 миң сомго чейин берилди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Жашыл шаар" сынагынын жеңүүчүлөрүнө 50 миңден 220 миң сомго чейин акчалай сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай сынактын катышуучулары беш номинация боюнча бааланган.
"Шаар башчысы конкурстун уюштуруучуларына жана борбор калааны жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында бириккен шаар тургундарына ыраазычылык билдирди. Ал шаарда жашоого ыңгайлуу чөйрөнү түзүү шаардыктардын, ишкерлердин жана муниципалдык кызматтардын биргелешкен аракетин талап кыларын белгиледи", - деп жазылат маалыматт.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев өздөрүнө чектеш аймактарды көрктөндүрүп жаткан ишкерлерди колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, белгиленген талаптарды аткарган жана өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылган катышуучулар үчүн ижара келишимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Белгилей кетсек, конкурстун катышуучулары беш номинация боюнча бааланды: «Мыкты жашыл короо», «Мыкты жашыл көчө», «Гүлдөгөн бизнес-оазис», «Мыкты жашыл билим берүү мекемеси» жана «Мыкты муниципалдык аймактык башкармалык». Жеңүүчүлөргө 50 миң сомдон 220 миң сомго чейинки өлчөмдөгү акчалай сертификаттар тапшырылды.
«Жашыл шаар» конкурсу Бишкектин жашыл фондун сактоого жана көбөйтүүгө, коомдук жайларды көрктөндүрүүгө, ошондой эле шаар тургундарын борбор калааны жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга тартууга багытталган.