Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет
Бишкекте коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилерин мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөргө өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.
Анда кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системасын өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка өтүү маселелери талкууланды.
"Жыйында кагаз дүмүрчөктөрдөн баш тартуу жана коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды",-деп белгиленет маалыматта.