Башкы прокуратура бир жылда бизнес укуктары боюнча 577 мыйзам бузуу аныктап, 2 кылмыш ишин козгогон

Башкы прокуратура бир жылда бизнес укуктары боюнча 577 мыйзам бузуу аныктап, 2 кылмыш ишин козгогон

Башкы прокурор Максат Асаналиев 2026-жылдын 8-апрелинде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында 2025-жылга карата ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын билдирди.

Анын айтымында, отчеттук мезгилде прокуратура органдары бизнес укуктарын сактоо боюнча 233 текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 577 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу үчүн 347 прокурордук чара көрүү актылары киргизилген. Жыйынтыгында 136 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке, 111и айып пулга тартылып, 2 кылмыш иши козголгон.
2025-жылы прокуратурага, укук коргоо жана салык органдарына ишкерлерди текшерүүлөрдү каттоо боюнча 5643 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 5070 текшерүү катталган, ал эми 587 учурда (анын ичинде: 453 — Салык кызматынан, 55 — УКМКдан, 78 — ИИМден, 1 — прокуратурадан) мыйзам талаптарына жооп бербегендиктен каттоодон баш тартылган.

Ошондой эле 2025-жылы ишкерлерден прокуратура органдарына 482 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен:

  • 167си (34,6%) канааттандырылган;
  • 26сы канааттандыруудан баш тартылган;
  • 231ине түшүндүрмө берилген;
  • 58 кайрылуу каралып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Президент асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө" мыйзамына кол коюлганын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 4-мартында кабыл алынган. Мыйзамды кабыл алуунун негизги максаты — асыл тукум мал чарбасын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана ушул тармактагы мыйзамдарды өркүндөтүү

Кыргызстандыктарга жалпы 64,5 млн сом суммасында 176 унаа кепилдиги берилди

Кыргызстандыктарга жалпы 64,5 млн сом суммасында 176 унаа кепилдиги берилди

“Унаа” кепилдик продуктусу ишке киргизилгенден бери жарандар бул механизмди автокредиттерди алууда активдүү колдонуп жатканын “Кепилдик фонд” ААКсынан билдиришти. Фонддун маалыматы боюнча, “Унаа” кепилдиги 2025-жылдын август айында ишке киргизилип, кыска убакыттын ичинде жогорку суроо-талапка ээ экенин көрсөттү. 2025-жылы бул продуктунун алкагында 57,1 млн сом суммасында 154 кепилдик берилген. Ал эми

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 8-апрелде Аламедин-1 кичи районундагы кооперативдердин өкүлдөрүнүн кайрылуусун карады. Кайрылуу көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт жабдууларынын абдан эскиришине байланыштуу болгон. 10 үйдүн кызыкчылыгын коргогон Татьяна Горкинанын айтымында, 1979-жылы пайдаланууга берилген үйлөрдөгү лифттер 25 жылдык нормативдик мөөнөтүнө карабастан,

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексинде реконструкция жана курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Эрмат Жумаев курулуш иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, сапатка өзгөчө көңүл буруу жана иштерди ыкчамдатуу зарылдыгын белгиледи. Учурда “Манас Ордо” комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоорго ылайык, музейдин аянты