Өлкөдө жумуртка, пияз, күрүчтүн баасы арзандады
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда
сабиз – 1,4%, кум-шекер – 0,5%, кой эти – 0,4%, макарон азыктары – 0,4%, каймак май – 0,1%, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 0,1%, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 0,1%га кымбаттаса, ал эми жумуртка – 3,3%, пияз – 2,3%, күрүч – 0,4%, уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,2%га арзандаганы байкалды.
Казакстанда болсо кум-шекер – 18,4%, макарон азыктары – 12,6%, уй эти (сулп этинен башкасы) – 9,4%, каймак май – 7,1%, пияз – 7%, картошка – 5,2%, сабиз – 4,8%, жумуртка – 4,4%, 1-сорттогу буудай уну – 2,5%, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 2 %га кымбаттаса, ал эми күрүч – 9,8%, макарон азыктары (спагетти) – 5,9%, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 1,6%га арзандаганы байкалды.
Россияда картошка – 2,1%, сабиз – 1,9%, баш пияз – 1,6%, жумуртка – 1,6%, уй эти (сулп этинен башкасы) – 1,5%, кой эти (сулп этинен башкасы) – 1,4%, макарон азыктары – 1,3%, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 1,3%, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 1,3%, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 1,3%, күрүч – 1,1%, каймак май – 1,1%га кымбаттаганы байкалды.