Соцфонд тармактык киберкоопсуздукка 14 млн сом бөлөт
Социалдык фонд киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн программалык-аппараттык комплексти сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Тиешелүү билдирүү мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.
Бул максатка 14 млн 370 миң сом жумшоо пландалууда.
Техникалык документтерге ылайык, сатып алынуучу продукт маалыматтарды сактоо жана тармакты коргоо үчүн жабдуу (NGFW) болуп саналат.
Тендерге катышуу үчүн жеткирүүчүлөр сунушталган сумманын 2%ы өлчөмүндө кепилдик камсыздоону көрсөтүшү керек. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 22-апрелине чейин белгиленген.