Кыргызстан банктарында 1,3 млрд ликвиддүү акча каражаттары бар, бирок алардын көбү пайдаланылбай турат – Г.Керимкулова.
Азия өнүктүрүү банкынын "Азия өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы өттү.
Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова Кыргызстандагы банктарда болжол менен 1,3 млрд доллар көлөмүндө ликвиддүү каражаттар бар экенин жана бул ресурстардын олуттуу бөлүгү колдонулбай турганын билдирди
Азия өнүктүрүү банкынын изилдөөсүнүн бул жылдагы негизги темасы — жеке сектор үчүн структуралык негиздерди бекемдөөнүн мааниси.
Экономисттердин баамында, Кыргызстан ИДПнын жогорку өсүшүн көрсөтүп жатканы менен, аны сактап калуу үчүн сапаттуу өсүшкө өтүү зарыл.
Гүлнур Керимкулованын айтымында, экономиканын сапаттуу өсүшкө өтө албай жатышынын негизги себептеринин бири — каржы ресурстары бар болгону менен, алардын өндүрүш тармактарына багытталбай жатканы.
"Банктарда болжол менен 1,3 млрд доллар ликвиддүү каражат бар, бул ИДПнын 6%ына барабар. Банк секторунун ликвиддүүлүк коэффициенти 2025-жылдын аягында 86,2% болуп, нормадан дээрлик үч эсе жогору болгон.
Бул олуттуу ресурстар пайдаланылбай жатканын көрсөтөт. Кредиттер негизинен керектөө максаттарына берилет", — деди ал.
Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, керектөө кредиттери жалпы банктык кредиттөөнүн болжол менен 40%ын, ал эми микрофинансылоонун 45%дан ашыгын түзөт. Ошол эле учурда өнөр жайга берилген кредиттер азайып баратат.