Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ
Азия өнүктүрүү банкынын "Азиянын өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы 10-апрелде Бишкекте өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөштү.
Башкы экономист Кыргызстандын макроэкономикалык божомолун тааныштырды. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, Кыргызстан Борбор Азия жана Кавказ аймагында ИДПнын өсүшү боюнча лидер бойдон калууда. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 11,1%ды түзгөн.
Ошол эле учурда Кыргызстан инфляциянын өсүшү боюнча субрегиондо эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирин көрсөтүүдө. Болжолдорго ылайык, 2026-жылы инфляция 10,3%га чейин жогорулап, 2027-жылы 8,5%га чейин төмөндөйт.
Гүлнур Керимкулованын айтымында, инфляция 2024-жылдагы 5%дан 2025-жылы 8,2%га чейин жогорулаган. Энергия ресурстарынын жана импорттун кымбатташы өлкөдөгү товарлар менен кызматтардын баасына түздөн-түз таасир этүүдө. Мындан тышкары, үй чарбаларынын чыгымдарынын жарымы азык-түлүккө туура келет.
Анализге ылайык, баалардын өсүшүнө эң чоң салымды азык-түлүк инфляциясы кошууда. Экинчи орунда — кызмат көрсөтүү тармагы, андан кийин — азык-түлүк эмес товарлар турат.
2026-жылы инфляциянын 10,3%га чейин өсүшү ички суроо-талаптын күчөшү, электр энергиясы жана жылытуу тарифтеринин пландалган көтөрүлүшү жана валюта курсунун өзгөрүшү менен байланыштуу болот. Болжол боюнча, инфляция бүткүл мезгил ичинде Кыргызстандын Улуттук банкы белгилеген 5,0%–7,0% максаттуу диапазондон жогору бойдон кала берет.