Кыргызстанда үрөндүк дан өсүмдүктөрү менен камсыздоо 97%ды түзөт
Кыргызстан аймактарында 2026-жылдын жазгы себүү кампаниясына даярдык алкагында кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн (буудай, арпа) үрөнү менен камсыздоо дээрлик толук камсыздалганын Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.
Жалпы республика боюнча үрөнгө болгон муктаждык 66,6 миң тоннаны түзсө, бүгүнкү күндө 64,1 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо деңгээли 96,2% түздү. Бул көрсөткүч жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөт.
Аймактар боюнча караганда, көпчүлүк облустарда камсыздоо деңгээли 97–100% чегинде болуп, үрөн жетишсиздиги боюнча тобокелдиктер жокко эсе:
Ош облусунда камсыздоо 99,5%ды түзүп, дээрлик толук камсыздалган;
Жалал-Абад облусунда – 97,5%;
Баткен облусунда – 99,7%, анын ичинде арпа боюнча 100% камсыздалган;
Чүй облусунда – 98,5%;
Ысык-Көл облусунда – 94,1%.
Нарын облусунда камсыздоо деңгээли салыштырмалуу төмөн – 88,0%ды түзгөнү менен, учурда кошумча үрөн топтоо иштери улантылып жатат жана жалпы себүү графигине терс таасир тийгизбейт.