Социалдык фонддо пенсияны жаңыча дайындоо системасы июлда ишке кирет
Социалдык фонд жарандарга курагы боюнча пенсияны онлайн түрүндө дайындоого мүмкүндүк бере турган системаны иштеп чыгууда.
Соцфонддун коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Женишбек Мукамбетовбилдиргендей, бул автоматташтырылган маалыматтык система болот. Анын жардамы менен жарандарга документтерди чогултуп, мекеменин бөлүмдөрүнө барып арыз тапшыруунун кереги жок болот.
«Эркектер 63 жашка, аялдар 58 жашка чыкканда жана талап кылынган 6 жылдык эмгек стажы болсо, аларга пенсияга чыгуу укугу бар экендиги тууралуу билдирүү келет. Колдонмодо “макулсузбу?” деген суроо берилет. Алар “макулмун” дегенди баскан учурда пенсия автоматтык түрдө дайындалат. Документтерди чогултуунун кереги жок», — деди ал.
Анын айтымында, бул система азырынча курагы боюнча пенсияга чыгуу үчүн гана иштелип жатат. Анткени жеңилдетилген пенсияны дайындоо үчүн кошумча документтер талап кылынат (мисалы, көп балалуу энелер үчүн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр).
Маалыматка ылайык, жаңы система июль айында ишке киргизилиши күтүлүүдө.