Жакынкы Чыгыштагы жаңжал Азия экономикасына коркунуч жаратууда – АӨБ
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал Азия жана Тынч океан аймагындагы экономикалык туруктуулукка таасир этүүдө. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) “Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026” отчётунда айтылды.
АӨБдүн маалыматына ылайык, геосаясий тобокелчиликтер аймактагы экономикалык өсүшкө негизги коркунучтардын бири болуп калды. Ошол эле учурда аймак экономикасы азырынча туруктуу бойдон калууда. 2025-жылы өсүш 5,4%, инфляция 3,0% деңгээлинде болоору күтүлүүдө.
Божомолдорго ылайык, 2026–2027-жылдары аймактагы экономикалык өсүш 5,1% болот. Инфляция болсо 2026-жылы 3,6%, ал эми 2027-жылы 3,4% деңгээлинде болжолдонууда.
Ошол эле учурда АӨБ бул көрсөткүчтөр белгисиз шартта түзүлгөнүн белгилейт. Эгер жаңжал узакка созулса, анын терс таасири күчөшү мүмкүн.
Банктын баамында, мындай шартта 2026–2027-жылдары экономикалык өсүш 1,3%дык пунктка чейин төмөндөшү мүмкүн, ал эми инфляция кошумча 3,2%дык пунктка жогорулашы ыктымал.
АӨБ белгилегендей, жаңжалдын узакка созулуу коркунучу аймактагы негизги тобокелчилик бойдон калууда.